Ссылки доступа

Эдвард Сноуден орус жарандыгын алууну чечти


Эдвард Сноуден
Эдвард Сноуден

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусия Федерациясынын жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу ал өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына жазды.

"Ата-энелерибизден көп жылдар бою алыс калгандыктан, жубайым экөөбүз балабыздан айрылып калууну каалабайбыз. Мына ошондуктан пандемия доорунда жана чек аралар жабык маалда биз орус-америка жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырдык", – деп жазган Сноуден.

Ал Линдси Миллс экөө америкалык бойдон каларын жана “баласын өз оюн эркин айтуу укугу калыптанган америкалык баалуулуктардын негизинде тарбиялашарын” белгилеген.

"Бардык үй-бүлөбүз биригиши үчүн Штаттарга кайта турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Биз уулубуз кайда гана жашабасын өзүн үйүндө жүргөндөй сезсе деп тилейбиз", – деп жазды Сноуден.

Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын жайында АКШ менен Британиянын купуя маалыматтарын Интернетке жарыялап жибергенден кийин мекенинен качып кетип, Орусиядан убактылуу башпаанек тапкан.

Ага Кошмо Штаттарда тыңчылык боюнча айып коюлган. Мындай айыптар менен Сноуден АКШда 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин президент Дональд Трамп Сноуденге ырайым бериши мүмкүн экенин ишарат кылган. Ошондой эле Сноуден Франциядан баш калка сураган.

XS
SM
MD
LG