Ссылки доступа

Ташкентте орто жана чакан бизнеске жаратылыш газын берүү токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ташкент шаарынын Сергели районунун администрация өкүлү социалдык объектилерди газ менен камсыздоо үчүн орто жана чакан ишканаларга, андан тышкары метан толтуруучу жайларга көгүлтүр отун берүү чектелгенин билдирди.

Сергели районундагы кондитердик цехтин ээси Рустамжон Назаров газ берүү чектелгенден кийин бизнесин жазга чейин токтотконун айтты.

– Бардык система газ конфркалары менен иштейт. Бизде аларды электр энергиясына өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Анын үстүнө биз электр кубатына ишенбейбиз. Ошондуктан жазга чейин күтө турууга аргасызбыз.

«Озодлик» маалымдагандай, миңдей өзбек ишкерине жаратылыш газын берүү токтотулду.

Өзбекстандын Эгергетика министрлиги 20-октябрда жеке турак жайларды, көп кабаттуу батирлерди, мектептерди, бала бакчаларды, мамлекеттик мекеме-ишканаларды жана ооруканаларды узгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыздоо үчүн социалдык жактан маанилүү эмес деп эсептелген ири ишканаларга газ берүү токтотулары тууралуу буйрук чыгарган. Документке ылайык, алар отундун альтернативдүү түрлөрүнө – суюлтулган газ, көмүр жана башкаларга өтүшү керек.

Ушул тапта өзбек газынын эң ири аларманы – Кытай. Өзбекстан Кытайга жыл сайын 10 млрд куб метр газ экспорттойт. Газ сатып алуу боюнча Орусия экинчи орунда турат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Өзбекстанда өндүрүлгөн газды Кытайга жеткирүү үч эсеге азайып, Орусияга экспорттоо толугу менен токтоду. Бул арада кыш мезгилинде Өзбекстан жаратылыш газын Тажикстан менен Кыргызстанга жеткирүүнү көбөйтөт.

Соңку 15 жылдан бери Өзбекстанда кыш маалында энергияга болгон суроо-талап көбөйүп, жаратылыш газы тартыш болуп келет. Алыскы аймактардагы жүздөгөн кыштактар жаратылыш газы жок жашашат.

Газ берүүнү чектөө тууралуу министрдин буйругу
Газ берүүнү чектөө тууралуу министрдин буйругу
XS
SM
MD
LG