Азык-түлүктүн кымбатташына чек аралардын жабылып, транспорт кыймылына чектөө киргизилгендиги, ошондой эле калыптанып калган импорт жана экспорт схемаларынын бузулушу себеп болгону айтылууда.
Тажикстандагы үй-бүлөлөрдүн көбү ашыкча чыгымдарды азайтып, негизги азык-түлүк түрлөрүн гана сатып алууга өтүштү.
Тажикстандын Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, быйыл чет өлкөргө иштөөгө кеткен жарандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 57% азайды. Ошол эле маалда коронавирустук чектөөлөрдөн улам чет жакта иштеп жүргөн тажикстандыктардын кирешеси кыскарып, мекенине жөнөткөн акчанын көлөмү да азайды.
Апрелде тажик өкмөтү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын белгилеп, дыйкандарды көбүрөөк жер-жемиш жана дан азыктарын өстүрүүгө жана үч жолу түшүп алууга аракет кылууга чакырган. Мындан тышкары бийлик айрым айыл чарба азыктарынын экспортуна тыюу салган.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматына караганда, Тажикстан калкынын 47% күнүнө 1,33 доллардан аз каражатка жашайт. Калктын 30% тоё тамактанбайт.
Тажикстанда орточо айлык акы 160 долларды, пенсия 33 долларды түзөт.