Ссылки доступа

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында "Республика-Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү, депутат Талант Мамытов төрага болуп шайланды. Анын талапкерлигин 100 депутат колдоп, бир депутат каршы добуш берди. Добуш берүү бюллетен салуу жолу аркылуу өттү.

Буга чейин ушул эле күнкү жыйында Канатбек Исаев президенттик шайлоого талапкер болуп жаткандыгына байланыштуу деп, төрагалык кызматтан баш тартканын жарыялаган. Өткөн аптада Канатбек Исаевди төрагалыктан кетирип, ордуна Талант Мамытовду коюу боюнча депутаттар кол топтоп жатканы кабарланган.

Талант Мамытов - президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири.

Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, анын ордуна президенттин милдетин аткарып калат.

10-декабрда өтө турган президенттик шайлоого Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бектур Асанов баштаган алты саясатчы буга чейин билдирген.

Канатбек Исаев төрага болуп 13-октябрда дайындалып, бирок Сооронбай Жээнбековдун ордуна президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. Өз кезегинде премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп 15-октябрда бекитилген.

XS
SM
MD
LG