Ссылки доступа

АКШ кыргызстандыктарга виза берүү маселесин шайлоодон кийин карайт


Кыргыз жарандарына виза берүү маселеси АКШдагы президенттик шайлоодон кийин каралат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди. Анын айтымында, шайлоодо ким жеңгенине карабастан виза маселеси чечилет.

«Белгилүү болгондой, иммиграциялык виза алуу маселеси Кыргызстандагы биометрикалык паспорттордун коопсуз болбогонуна байланыштуу. Бактыга жараша Кыргызстан мындай паспортторду берүүгө даяр. Америкадагы шайлоодо ким жеңгенине карабастан, биздин өкмөт чектөөнү алып салуу маселесин чечет», - деди элчи.

Быйыл 31-январда АКШнын президенти Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарынын иммиграциялык жана грин-карта менен виза алышына чектөө киргизген. Мунун себеби Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүрүлгөн.

Кийин Кыргызстандын жарандары 2020-жылы күзүндө өтө турган кезектеги АКШнын грин-карт (Green card) лотереясына катыша алаарын Кыргызстандагы АКШнын элчилиги «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

XS
SM
MD
LG