Мекеменин маалыматына караганда, 4-ноябрда президент Шавкат Мирзиёев өзбек спортун өнүктүрүү боюнча токтом кабыл алган.
Документтин консепциясына ылайык, 2025-жылга чейин күрөштүү эл аралык деңгээлге алып чыгуу, 2028-жылга карата Эл аралык Олимпиада оюндарынын программасына кошуу каралган.
Токтомго ылайык, 2021-жылдан тартып Өзбекстан президентинин кубогу үчүн күрөш боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлө баштайт
2021-2025-жылдар аралыгында Ташкент жана Нукус шаарларында, ошондой эле облус борборлорунда күрөш чеберчилиги боюнча мектептер ачылат.