Ссылки доступа

Түркмөнстанда 25 миллион көчөт отургузулууда


Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедов баштаган миңдеген киши бак-дарактардын көчөтүн отургузушууда.

Бул үчүн Лебап облусунда бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерден 50 манаттан (расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар) акча чогултулду.

7-ноябрда түркмөн президенти бак тигүү акциясына Ханбег аттуу аргымагы менен келди.

Түркмөн басылмалары Бердымухамедов кызыл карагайдын 30 көчөтүн отургузганын жазышты.

Октябрдын аягында президент Түркмөнстандын бейтараптуулугунун 25 жылдыгына карата борбор калаада жана облустарда 25 миллион бак-дарактын көчөтүн отургузуу боюнча токтомго кол койгон.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы көчөт отуругузуу иш-чараларына миңдеген киши, анын ичинде жоокерлер, окуучулар катышканын, санитардын эрежелер сакталбаганын жазды.

Видео

Видео

Соодасы солгундаган "Дордой"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
XS
SM
MD
LG