Ссылки доступа

Тоолуу Карабакка орусиялык 2 миңдей тынчтык орнотуучу жөнөп кетти


Тоолуу Карабакка орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөр Ил-76 үлгүсүндөгү алты учак менен учуп кетишти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Бардыгы болуп аймакка 1960 аскер кызматкери жана 470 даана техника жайгаштырылат. Алар Орусия, Азербайжан жана Армения лидерлери кол койгон келишимдин негизинде иш алып барат.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Ульяновск шаарындагы "Восточный" аэродромунда учууга даярдык көргөн Ил-76 үлгүсүндөгү он транспорттук учактын видеосу пайда болгон. Тынчтык орнотуу контингентинин негизги бөлүгүн Самара облусунда жайгашкан 15-мотоаткычтар бригадасы түзөт. 2008-жылы бул бригада грузин-абхаз куралдуу жаңжалына катышкан.

10-нобярга караган түнү Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын президенттери Тоолуу Карабакта атышууну токтотуу боюнча бирдиктүү билдирүүгө кол коюшкан. Ошол эле маалда тараптар өздөрү ээлеп турган азыркы позицияларында калышат.

Армения тарап белгиленген мөөнөткө чейин Азербайжанга Агдам, Келбежер, Лачын райондорун, мындан тышкары Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырып турган туурасы 5 чакырымды түзгөн Лачин коридорун кайтарат.

Тоолуу Карабак менен Лачин коридорун бойлой орусиялык тынчтык орнотуучу контингент жайгашат. Анын мөөнөтү 5 жылды түзөт.

Азербайжан лидери Илхам Алиев орусиялык тынчтык орнотуучулар Түркия аскерлери менен бирге иш алып барарын билдирген. Бирок бул жобо дүйшөмбүдө кол коюлган келишимде каралган эмес.

Түркия жаңжал учурунда Азербайжанды колдогон.

Тоолуу Карабактагы жикчилдер менен азери армиясынын ортосундагы соңку кагылыш сентябрь айынын соңунда тутанган. Андан бери кеминде миң киши каза болду.

Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.

XS
SM
MD
LG