Ссылки доступа

UzAuto Motors компаниясы Chevrolet Equinox кроссоверлерин 50% кошумча баа менен сатууда


UzAuto Motors компаниясы АКШдан импорттолгон Chevrolet Equinox кроссоверлерин 22,8 доллардан сатып алып, 33,6 миң долларга сатууда.

Жергиликтүү басылмалар мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматка шилтеме кылып билдиргендей, UzAuto Motors компаниясы АКШдагы General Motors Overseas Distribution LLC компаниясы менен Chevrolet Equinox кроссоверлерин 199,9 миллион долларга сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Келишимге ылайык, бир кроссовердин баасы 22,8 миң доллар деңгээлинде бааланган.

Келишимде жеткирүү жана камсыздандыруу чыгымдары сатып алуучунун пайдасына чечилген.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, Өзбекстанда Equinox импорттук баасынан 10,8 миң долларга жогору 33,6 миң долларга сатылууда.

Видео

Видео

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00
XS
SM
MD
LG