Бул тууралуу Өзбекстан ИИМинин Транспорттук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-ноябрь күнү 18:35те «Ургенч» депосунун нөөмөттөгү кызматкери Хорезм облустук транспорттук коопуздук башкармалыгына телефон чалып, «Богот – Хазарасп» темир жолунда белгисиз киши уктап жатканын кабарлаган.
Кызматкерлер белгиленген жерге келип, темир жолдо 39 жаштагы киши мас абалында уктап калганын аныкташкан.
Поезд 16 мүнөткө токтоп, андан соң жолун улаган.
Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.