Ссылки доступа

Өзбекстанда кызматкерлери башаламандык уюштурган компания Бангладештен жумушчуларды жалдады


8-ноябрда Enter Engineering компаниясы Ташкентке атайын чартердик каттам менен Бангладештен 239 жумушчу алып келди.

Бангладештин Daily Star гезити маалымдагандай, жалпысынан Өзбекстанга 888 бангладештик жумушчу жөнөтүлөт.

Кийинки аптада жумушчулар Өзбекстанда суюк отун өндүрүү үчүн курулуп жаткан GTL заводунда иштеп башташат.

Enter Engineering компаниясынын кызматкеринин айтымында, Бангладештен келген жумушчулар бир апта COVID-19га каршы карантинге алынган.

Буга чейин Enter Engineering компаниясында иштеген миңдей жумушчу 21-октябрда айлык убагында берилбей жатканына нааразы болуп, каршылык акцияларын өткөрүшкөн.

Компаниянын кызматкеринин айтымында, башаламандыктан кийин жүздөгөн жумушчу иштен бошотулган, 20дан ашууну жоопкерчиликке тартылган. Ушул тапта бангладештик жумушчулар алардын ордуна иштеп жатышат.

Өзүн Enter Engineering компаниясынын кадрлар бөлүмүнүн өкүлү катары тааныштырган аткаминер бангладештик жумушчуларды жалдоонун жакында болгон башаламандык менен тиешеси жок экенин айтты:

«Заводдун курулушу жыл аягына чейин бүтүшү керек. Алар «кара жумушчулар» эмес, татаал техникалык жабдууларды орнотууну билген адискөй монтажчылар. Алардын келиши өзбек жумушчуларына таасирин тийгизбейт. Ар кимдин өз иши бар», - деди ал.

Enter Engineering компаниясынын сайтында 20 000 миңдей жумушчу жана адистер бар экени жазылган.

Өзбекстанда GTL заводунун баштапкы баасы 2,6 миллиард долларга бааланган, 2020-жылы анын баасы дээрлик 4 миллиард долларга жеткен.

2012-жылы түзүлгөн Enter Engineering - курулуш жана инфраструктура тармагында, мындан тышкары газ кендеринде башка объектилерди курган алдынкы компаниялардын бири.

Компаниянын сайтында акционерлер тууралуу маалымат жок. Ачык булактарда Бахтиёр Фозилов аттуу ишкер компаниянын президенти жана акциялардын контролдук пакетинин ээси катары көрсөтүлгөн.

Орусиялык басылмалар Кипрде катталган Surma Gas Chemical Operating Company менен Altmax Holding Ltd компанияларынын 75% Фозиловго тиешелүү экенин жазышкан.

Видео

Видео

Соодасы солгундаган "Дордой"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
XS
SM
MD
LG