Ссылки доступа

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча камалгандарды бошотууну сурады


Алмазбек Атамбаев сот залында 11-ноябрь, 2020-жыл.
Алмазбек Атамбаев сот залында 11-ноябрь, 2020-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча ишти башка судья карамай болду. Бул тууралуу 11-ноябрда “Азаттык” радиосуна КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, соттолуучу Ирина Карамушкинанын адвокаты судья Марат Сыдыковду ишти кароодон четтетүү тууралуу өтүнүч келтирди. Сыдыков бул өтүнүчтү канааттандырып, чечимди соттун төрагасына жөнөтөрүн билдирди:

“Марат Сыдыковду четтеттү тууралуу өтүнүчтөр буга чейин да бир нече жолу келтирилген. Бирок ал андай өтүнүчтөрдү канааттандырбай, четке кагып келген болчу”.

Бүгүнкү отурумга 1-июнда сот залынан чыгарылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ошондон бери биринчи жолу катышты. Ал “чындык эртели-кеч жеңерин, Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүргөнү анык болорун” айтып, жансакчысы Канат Сагымбаев менен мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовду кое берүүнү өтүндү жана “алар мени сатпаганы үчүн отурушат” деди.

Соттук териштирүүнүн мөөнөтү бүгүн дагы эки айга, 11-январга чейин узартылды. Соттолуучулар Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Рыспек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев, Амангелди Какебаев, Фархат Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жеенбеков, Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева боюнча үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтү да узарды.

Ал эми Сагымбаев менен Ниязовдун бөгөт чарасы тууралуу маселени сот алар 9-октябрдагы Ала-Тоо аянтындагы башаламандык боюнча камакта отургандыктан караган жок.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган.

Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган.

Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн 11и суралып бүттү. Соттолуучуларга сөз алардан кийин берилет.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралары айтылган. Алар алгач кармалып, кийин коё берилген, айрымдары тергөө менен кызматташуудан кайра баш тарта башташты.

Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда.

XS
SM
MD
LG