Ссылки доступа

Ташкентте «Гафур Гулям» паркынын сингапур компаниясына өтүшү нааразылык жаратууда


Ташкент шаарынын Чилназар районундагы Гафур Гулям атындагы маданият жана эс алуу паркында курулуш иштерине даярдыктар башталды.

Гафур Гулям паркы 14 гектар аянтты ээлейт. Былтыр өзбек өкмөтүнүн чечими менен BMP Smart Decision Private Limited деген сингапур компаниясына 49 жылга берилген. Келишим боюнча компания бул жерге 10 миллион доллар инвестиция салышы керек.

Парктын жаңы кожоюну эс алуу жайындагы ресторан жана ашкана ээлерине он күн ичинде курулуштарын бузуп кетүүнү талап кылып, болбосо бульдозер менен түрттүрүлөрүн эскертти.

Паркта көптөгөн жылдар бою иштеген ишкерлер жакында алардын кызматкерлери жумушсуздардын катарын толуктай турганына тынчсызданышууда.

Бизнесмендердин бири муну рейдерлик басып алуу деп атады:

«Чет өлкөлүк инвестор деп аталган Сингапурдагы компания өзбектерге таандык болуп чыкты. Алардын эсебинде акча жок. Бул чыныгы рейдерлик басып алуу болду. Бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар. Ташкент акимчилиги да аралашкан бул ишке. Паркты чет өлкөлүк инвесторго берип коюшту, бир тыйын коротуша элек, бирок биз жылдар бою коргоп келген паркты астын-үстүн кылышты».

Ачык булактардагы маалыматта Сингапурдагы BMP Smart Decision Private Limited компаниясынын ээси Өзбекстандын жараны Шерзод Халимов деп көрсөтүлгөн. Компанияда эки гана киши иштейт жана 700 доллар уставдык капиталы менен каттоодон өткөн.

Компаниялардын тизмесине ал 2019-жылы февралда, башкача айтканда паркты алар алдында кирген.

XS
SM
MD
LG