Ссылки доступа

The Times: Дарига Назарбаева Шерлок Холмстун Лондондогу үйүнө ээлик кылат


Артур Конан Дойлдун чыгармасындагы тергөөчү Шерлок Холмстун ойдон чыгарылган үйү, Лондондогу Бейкер-стритте жайгашкан имарат Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнө таандык. Бул тууралуу The Times гезити кабарлады.

Басылма менчик ээлери тууралуу юридикалык корреспонденцияга шилтеме кылып, Бейкер-стрит 221b дарегинде жайгашкан үйдүн 90% казак экс-президентинин кызы Дарига Назарбаевага, 10% анын уулу Нурали Назарбаевге таандык экенин жазды.

The Times белгилегендей, жалпысынан Назарбаевдердин үй-бүлөсүнө Бейкер-стриттеги 215 номурдан 237 номурга чейин жайгашкан жер тилкелери менен үйлөр таандык. Алар Farmont Baker Street Limited компаниясына катталып, 140 миллион фунт стерлингге сатып алынганы көрсөтүлгөн.

Global Witness бейөкмөт уюмунун 2015-жылдагы иликтөөсүндө Бейкер-стриттеги кыймылсыз мүлктөр Дарига Назарбаеванын күйөөсү, ишкер Рахат Алиевге таандык экени белгиленген. Кийинчерээк ал адам өлтүрүүгө жана кылмыштуу топ түзүүгө айыпталып кармалып, ошол эле жылы австрия түрмөсүндө өз жанын кыйган.

Быйыл март айында Улуу Британиянын бийлиги Нурсултан Назарбаевдин туугандарына таандык Лондондун престиждүү районунда жайгашкан 100 миллион долларлык хансарайды камакка алган. Кийинчерээк Лондондун Жогорку соту бул чечимди жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG