Ссылки доступа

Тажикстанда мотокросс боюнча чемпионат өтөт


Тажикстанда мотокроссс боюнча республикалык чемпионат өтөт. Иш-чаранын демилгечиси - Тажикстандын Коргонууга колдоо көрсөтүү уюмунун борбордук комитети.

Бул уюмдун 29 жылдыгына арналган мелдеш Рудаки районундагы «Мехробод» мотодромунда өтөт.

Турнирге Душанбе, Бохтар, Куляб, Вахдат, Леваканд, Турсунзаде шааралары менен Яван, Фархор, Абдурахмони Жоми жана Восе районунун моточабандестери катышат.

Тажикстанда барган сайын мотоциклди чебер айдоону каалаган жаштардын саны көбөйүүдө.

Уюштуруучулар чемпионат санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтөрүн билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG