Ссылки доступа

Сох окуясы боюнча айыпталгандар кармоо учурунда «баштарына кара кап» кийгизилгенин тастыкташты


Фергана облустук сотунда Сох районунда болгон жапырт башаламандык боюнча айыпталган 22 кишинин соту болууда.

Аларга Өзбекстандын Жаза кодексинин «мамлекеттик кызматкерди же башка адамды кызматтык же жарандык милдетин аткаруудан баш тартууга мажбурлоо» жана «массалык башаламандык» боюнча айыптар тагылган.

Сохтун тургуну, укук коргоочу Баходыр Элибоевдин айтымында, айыпталуучулардын 9у абакта, 13ү үй камагында отурат.

Быйыл 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Анда 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып Өзбекстанда ооруканага түшкөн, алардын үчөөнө мылтыктын огу тийген жана бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр алардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытып таратуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.

Анда Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев Сохко барып, эл менен жолугушуп жатканда кагылышуу болуп кеткен.

Буга аткаминердин нааразылык билдирип, көчөдө топтолгон элге кылган өктөм мамилеси себеп болгону кабарланган. Ал «беш мүнөттө үйүңөргө кирип кеткиле, болбосо мен кайтып барып Кадамжай тараптан жолду жабам» деген. Андан тышкары ачыкка чыгып кеткен аудиодо үнү Ганиевдикине окшош адам «чыр-чатактуу айылдарды Сохтун картасынан чийип салабыз» деп айткан. Облус акиминин мына ушундай мамилесинен улам анклавдын эли аны аскерлер калкалап турганына карабай ташбараңга алууга аракет кылган.

Кийинчерээк бул иш боюнча шектелгендердин башына кара кап кийгизилип, Ферганага жеткирилгени кабарланган. Айыпталуучулар бул маалыматты сот жараяны учурунда тастыкташты.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сохтогу чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алган, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн.

Жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстандын 1379 чакырымдай жери чектешет, анын ичинен 85% такталган.

XS
SM
MD
LG