Ссылки доступа

Москвада бекер юридикалык борборго күнүгө 250дөн кем эмес мигрант кайрылууда


Орусиянын Мигранттар федерациясы Москвада телефон аркылуу бекер кеңеш бере турган юридикалык борбор ачкан. Борборго виза, документ боюнча көйгөйлөрү бар, бирок юрист жалдоого акчасы жок мигранттар кайрылса болот.

Бир жылга жетпеген аралыкта борбор он миңден ашуун кишиге, негизинен борбор азиялык жарандарга кеңеш берди.

Давронбек Ботыров – Москвада жашаган мигранттардын бири. Жакында аны райондук сот административдик мыйзам бузуу айыбы менен депортациялоону чечкен. Мындан тышкары ага Орусияга кирүүгө 3 жылга тыюу салган. Адатта мындай учурда мигранттар мекенине кайтууга аргасыз болот. Бирок Ботыров аппеляциялык сотто райондук соттун чечими туура эмес болгонун, депортация мыйзамсыз экенин тастыктай алган.​

Как в Москве работает бесплатный центр юридической помощи трудовым мигрантам
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Бирок андан кийин ал бир нече маселелерге туш болгон:

"Үч айдан бери Федералдык миграция кызматына кире албай жатам. Карантинге байланыштуу ал жакта өзгөчө тартип бар деп айтышты, ошондуктан бул жакка кайрылдым. Менде баары бар, документтерим жайында, токтом, баары бар", –деди ал.

Давронбек юристтердин кызматы бекер болгондуктан, бул мигранттар үчүн жеңилдик экенин билдирди.

"Когда я приехала в Петербург, я русского не знала": как в России помогают детям мигрантов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Кол-борбордун кызматкерлеринин айтымында, күнүгө 250дөн кем эмес чалуу түшөт. “Патенттен баштап, миграциялык каттоого туруу эрежелерине чейин сурашат. Виза, легализация маселелери боюнча суроо узаткандар да акыркы кезде көп болууда”, – деди Сулиха Ахмедова.

Правозащитники учат мигрантов из Азии общаться с российской полицией
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

1-ноябрдан тартып долбоор 14 айга узартылып, штатка жаңы кызматкерлер алынган.

XS
SM
MD
LG