Ссылки доступа

Кашкадарыя облусунда жумушчулардын жапырт башаламандык уюштурушуна эмне себеп болгону айтылды


Кашкадарыя облусунда Uzbekistan GTL заводун куруп жаткан Enter Engineering компаниясынын жумушчулары эмне себептен жапырт башаламандык уюштурганы айтылды. Бул тууралуу облустагы Кесиптик кошуун федерациясынын төрага орун басары Кобилжон Киргизалиев билдирди.

Анын айтымында, жумушчулардын 21-октябдагы нааразылык акциясынан кийин атайын түзүлгөн топ окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн Гузар районуна барып, завод курулушунда иштеп жаткан 1500 киши менен жолуккан.

«Башкы себеби пандемиядан улам алардын иш режиминин бузулгандыгы болгон. Мурда айына 22 күн иштеп, сегиз күн эс алышкан. Кийин коронавируска байланыштуу үйүнө барбай, жумушта 60-70 күн калып иштеп калышкан», — деди Киргизалиев.

Анын айтымында, заводдо 10 ашкана болгонуна карабастан, айрым учурларда жумушчулар тамактануу үчүн 30-50 мүнөттөн кезекте туруп келишкен.

«Башаламандык болгон күнү эртең мененки саат 7:30да 500-600 жумушчу тамактанууга барышкан. Моноблок сынып калгандыктан, кезек күткөндөр өтө көп болгон», — деди федерация өкүлү.

Киргизалиев жумушчуларга айлык төлөөдө жана тамак-аш менен камсыз кылууда эч кандай маселе болбогонун кошумчалады. «Алар сентябрдын айлыгын алышкан. Жумушчулардын айлык акыга же тамак-ашка байланыштуу эч кандай дооматы жок», — деди ал.

Бирок жергиликтүү Олий Мажлистин депутаты Одилжон Тажиев Enter Engineering компаниясы жумушчуларга өз убагында маяна төлөбөй, Эмгек кодексинин беренелерин бузганын билдирүүдө.

21-октябрда Enter Engineering компаниясында иштеген миңдей жумушчу айлыктын убагында берилбегенине жана тамак-ашка нааразы болуп, каршылык акциясын өткөрүшкөнү кабарланган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, акция маалында компаниянын кеңселери, ашкана, кампа жана башка убактылуу курулмалар талкаланган.

XS
SM
MD
LG