Акциянын башталышында ал табышмактуу жагдайларда каза болгон айрым активисттердин, саясий ишмерлердин жана жөнөкөй жарандардын аты-жөнүн окуду. Андан кийин өлкөдө саясий реформаларды жасоо зарылдыгын белгилеп, болбосо азыркы президент Касым-Жомарт Токаев менен мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев «кетиши керектигин» айтты. Ошондой эле Мамай жарандарды 2021-жылдын 10-январына белгиленген парламенттик шайлоого бойкот жарыялоого жана добуш берүү күнү аянтка чыгууга чакырды.
Акция катышуучулары мындан тышкары банктык насыяларды кечүү, жер тилкелерин чет өлкөлүктөргө сатпоо жана саясий туткундарды тез арада бошотуу талаптарын айтышты.
Нааразылык жыйынынын катышуучулары 16-декабрда да кайрадан митингге чыга тургандыктарын жарыялашты. Ал күнү 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн жергесиндеги жана 1986-жылдагы Алматыдагы «Желтоксон» кандуу окуяларынын курмандыктары эскерилет.