Тизмеге ылайык, Жахонгир Касимовдун «Ибрат», Аюб Шахобиддиновдун «Түссүз түштөр» жана Ёлкин Туйчиевдин «Фариданын эки миң ыры» фильмдери «Оскардын» «Эң мыкты эл аралык көркөм фильм» номинациясына сунушталат.
Оскар сыйлыгына тандоо 2021-жылы 25-апрелде Лос-Анжелесте өтөт.
Өзбекстан сынакка катышуу үчүн быйыл 20-ноябрга чейин номинанттар боюнча акыркы чечимин чыгарышы керек.
2019-жылы Өзбекстан Жаштар бирикмесинин, Өзбекстан Улуттук кинокомиссиясынын жана «Өзбекккино» Улуттук агенттигинин демилгеси менен АКШнын Киноакадемиясында Өзбекстандын Оскар комитети түзүлүп, каттоодон өткөн.
Биринчи жолу Умида Хамдамованын «Ысык нан» тасмасы сыйлыкка көрсөтүлгөн.