Ссылки доступа

Казакстанда мыйзамсыз митингге катышууга айыпталган журналисттин иши токтотулду


Казакстанда журналист Ермурат Бапиге козголгон административдик иш токтотулду. Ал Алматыда митинг өткөн 14-ноябрь күнү эртең менен кармалып, ага «мыйзамсыз иш-чарага катышуу» айыбы тагылган.

Журналист кылмыш иши токтотулганын 16-ноябрда административдик сотко барганда билген.

«Өзүн райондук полициянын өкүлү Дархан Акмолдинов деп тааныштырган адам бүгүн сот болбой турганын айтты. Ал сизди соттобойбуз, кылмыш иши токтотулду деди. Ал мунун себептерин түшүндүргөн жок», — деп билдирди Бапи.

Ал ошондой эле кылмыш ишинин токтотулгандыгы тууралуу кандайдыр бир чечимди же токтомду көрбөгөнүн кошумчалады.

Алматы шаардык сотунун басма сөз кызматы журналистке каршы ачылган административдик иш сотко келбегенин билдирди.

Оппозициялык маанайдагы «Коомдук позиция» гезитинин редактору Ермурат Бапи ишемби күнү эртең менен көчөдө баратканда кармалып, Медеу райондук полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал шаарда уюштурулган нааразылык акциясы аяктагандан кийин кое берилген.

14-ноябрдагы митингде уюштуруучулар банктык насыяларды кечүү, жер тилкелерин чет өлкөлүктөргө сатпоо, саясий туткундарды бошотуу жана саясий реформаларды жүргүзүү талаптарын айтып, жарандарды алдыдагы парламенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырышкан.

Укук коргоочулар менен акциянын уюштуруучулары полиция кеминде ондогон кишинин митинг өткөн жерге баруусун тоскоолдук кылганын билдиришкен. Алардын айтымында, айрымдары бир күн мурда кармалып, кылмыш иштери козголгон.

Видео

Видео

Булак суусуна балык баккан эки ишкер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:20 0:00
XS
SM
MD
LG