Мамлекеттик айыптоочу ал күнөөсүн мойнуна алганын, тергөөгө көмөк көрсөткөнүн жана келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн төлөп бергенин, жашы жете элек балдардын атасы экенин эске алуу менен 11 жылга кесүүнү сураган.
Бул иш боюнча сот жараяны 2019-жылы декабрда башталган. Айыпталып жаткан 37 кишинин бирөө кайтыш болуп калган. Айыпталуучулардын арасында мурдагы банкир Бахыт Ибрагим, мурагы премьер-министрдин күйөө баласы жана президенттик администрациянын экс-жетекчиси, Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев да бар.
Соттолуучулардын көбү 2011-2017-жылдары кайтарымсыз насыя берүү аркылуу акча уурдоого айыпталууда. Тергөөнүн маалыматына караганда, алардын аракетинен улам банк 143,3 миллиард теңге зыян тарткан.
Ертаев RBK банкында эч качан иштебегенин билдирген.