Ссылки доступа

Райымбек Матраимов кылмыш ишинин алкагында мамлекетке 493,8 млн. сом төктү


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине ушул күнгө чейин 493,8 млн. сом которду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме тактагандай, мурдагы бажычы акчаны 5-ноябрдан баштап которо баштаган. Финансы министрлиги ал милдеттенме алган сумманы кайсы мөөнөткө чейин төгүп бүтөрүн укук коргоо органдары чечерин маалымдады.

Бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон. Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.

Быйыл өлкөдө бийлик алмашкан соң президенттин милдетин аткарып турган өкмөт башчы Садыр Жапаров андан кийинки билдирүүлөрүндө Райымбек Матраимовду камакка алуу-албоо тууралуу чечим саясий мүнөздө болгонун белгилеп, аны үй камагына бошотууга өзү буйрук бергенин айткан. Жапаров экономикалык кылмыштарда айыпкерди камоодон пайда жок экенин, андан көрө чыгымды өндүрүп алуу оң болорун билдирген. Садыр Жапаров Матраимов сумманы ноябрдын соңуна чейин төлөп бүтөрүн маалымдаган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.

XS
SM
MD
LG