Ссылки доступа

Казакстанда окуу жылы башталгандан бери 1 миңден ашык окуучуга коронавирус жукту


Окуу жылы башталгандан бери Казакстанда 241 мугалимге жана 1042 окуучуга коронавирус жукту. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

— 1-сентябрдан 16-ноябрга чейинки аралыкта нөөмөт класстарында окуп жаткан 302, аралыктан билим алып жаткан 740 окуучуга коронавирус жукту. Алардын бирөөндө вирустук пневмония аныкталды. Мындан тышкары 241 мугалим коронавирус жуктуруп алган, — деди мекеменин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин башчысы Айжан Есмагамбетова.

Ал ар бир учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө башталып, байланышта болгон адамдар аныкталып, оорунун жайылуусуна жол бербөө максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Казакстанда коронавирус пандемиясынан улам мектеп окуучулары өткөн окуу жылдын акыркы чейрегинде жана быйылкы окуу жылынын биринчи чейрегинде аралыктан билим алышкан. 16-ноябрда башталган экинчи чейректе окуучулары аз мектептер менен нөөмөт класстар салттуу билим берүү форматына өтүшкөн.

Расмий маалыматтарга караганда, Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 121 653 кишиге жетип, 1 952 бейтап каза болду. Бул статистикага COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан адамдар кошулган жок. Алар 1-августтан бери өзүнчө эсептеле баштап, бүгүнкү күндө 40 220 кишиге жетти. Андан бери «коронавирустук пневмония» деген диагноз коюлуп жаткан мындай бейтаптардын 421и көз жумду.

XS
SM
MD
LG