17-ноябрда чөлкөмдөгү тышкы иштер министрлеринин деңээлинде «ЕБ – Борбор Азия» жыйыны өттү. Иш-чарадан кийин жарыяланган билдирүүдө: «Каражат Борбор Азия өлкөлөрүнүн кечиктирилгис жана узак мөөнөттүү керектөөлөрүн, анын ичинде саламаттык сактоо, суу менен камсыздоо, санитария жана кризистин социалдык-экономикалык кесепеттерин чечүү үчүн бөлүндү», — деп айтылат.
Шаршембиде жарыяланган бирдиктүү коммюникеде видеоконференция форматында өткөн жолугушуунун катышуучулары коронавирустун кесепеттерин жоюу үчүн биргеликте иш алып барууга макулдугун билдиришкен.
Мындан тышкары алар мыйзамдын үстөмдүгүн, демократиялык башкаруу жана адам укуктары жаатында прогресстерди камсыздоонун маанилүү экенин белгилешкен.
Быйыл июлда Европа Биримдиги «Борбор Азия өлкөлөрүндөгү COVID-19: кризиске карата аракет көрүү» (CACCR) программасын ишке киргизген. Долбоор эки жылга негизделген, бюджети 3 миллион еврону түзөт.