Ссылки доступа

Орусияда беш жаштагы тажикстандык кыздын өлүмү боюнча сот кайра башталат


Орусияда беш жаштагы тажикстандык кыз Хувайдо Тиллозоданы өлтүрүүгө айыпталгандардын соту 20-ноябрда кайра башталат. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматына маркум кыздын атасы Абдусалом Саидов билдирди.

Анын айтымында, аларга Москва облустук соту айыпталуучу Александр Семин акыл-эси жайында деп табылганы, жакында сот кайра уланары тууралуу кабар берди.

Маалыматка караганда, айыпталуучу сотко жеткирилет. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул иш боюнча сотко көз салууда.

Беш жаштагы Хувайдо 2018-жылы 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жолдун жээгине ташталган спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталып, андан кийин бычакталып өлтүрүлгөнүн аныктаган.

Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургун, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалган. Ал Смоленск шаарындагы психиатриялык клиникага жаткырылган. Андан бери ар бир отурумдун алдында ооруканадан «Семин психикалык абалына байланыштуу сотко катыша албайт» деген маалымкат келип турган.

Видео

Видео

Соодасы солгундаган "Дордой"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
XS
SM
MD
LG