Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, Каттакургандагы борбор 200, Ургуттагы борбор 500 орунга ылайыкташтырылган.
Маалыматта бул борборлорго кайрылган бейтаптардын саны азайганы белгилеген.
Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, Самарканддын өзүндөгү COVID-19 борборунда да бейтаптардын саны кескин кыскарды. Ушул тапта борбордо 200дөн ашуун бейтап коронавирус шеги менен дарыланып жатат.
Бир нече күн мурда видеоконференция учурунда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев COVID-19 инфекциясын жуктурган кишилер азайганын, мындай бейтаптар үчүн бөлүнгөн орундардын 62% бош турганын билдирген.
Буга чейин Ташкенттеги Вирусология илимий-иликтөө институту, Эпидемиологиялык, микробиологиялык жана инфекциялык оорулар боюнча республикалык илимий-иликтөө институту кадимки иш ыргагына өтүп, башка илдеттерге чалдыккан бейтаптарды кабыл ала баштаганы айтылган.