Ссылки доступа

Душанбеде сот Internews уюмунун экс-директорун кайра кызматына дайындоо тууралуу чечим чыгарды


Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту Internews уюмунун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн экс-директору Абдумалик Кодировду кайра мурдагы кызмат ордуна дайындоо тууралуу чечим кабыл алды.

Internews-Tajikistan өкүлчүлүгүн 2016-жылдан бери жетектеп келаткан Кодиров 2021-жылдын март айында ээлеген кызматынан бошотулган. Ал бул чечим «эмгек мыйзамдары менен уюмдун эрежелерине каршы келет» деп эсептеп, сотко кайрылган. Бирок Internews уюмунун Европа жана мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү аймактык директору Дмитрий Сурнин «Кодиров кызматтан алынбаганын, болгону аны менен эмгек келишими узартылбаганын» билдирген.

Уюмдун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Марат Бигалиев учурда сот чечими боюнча АКШда жайгашкан башкы-штабдын реакциясын күтүп жатышканын билдирди.

«Internews Network» — көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоого багытталган эл аралык коммерциялык эмес уюм. Өз тарыхында анын долбоорлору дүйнөнүн 70 өлкөсүндө ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө уюмдун 23 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда кеңселери менен өкүлчүлүктөрү бар.

XS
SM
MD
LG