Ссылки доступа

БУУ: пандемиядан улам дүйнөлүк экономика төмөндөйт


Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөлүк экономиканын төмөндөөсү 4,3% түзүп, 2021-жылы 4,1% калыбына келиши мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) соода жана өнүгүү боюнча конфедерациясынын баяндамасында айтылат.

Авторлордун божомолуна ылайык, COVID-19дан өнүгүп келаткан өлкөлөргө караганда өнүккөн өлкөлөр көбүрөөк жабыркайт. Эгер каатчылык токтобосо, 130 миллион киши жакырчылыкка кептелиши мүмкүн.

Баяндамада COVID-19дан коргонууга ресурстары жетишпеген дүйнөнүн жакыр калктарына көңүл буруу керектиги белгиленген.

Октябрдын ортосунда Эл аралык валюта кору дүйнөлүк экономика боюнча божомолдорун жакшыртып, 2020-жылы анын төмөндөөсү 4,4% түзөрүн, 2021-жылы 5,2 калыбына келерин билдирген.

Видео

XS
SM
MD
LG