Ссылки доступа

Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол коюлду


Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Ошону менен катар Мамытов кеңешме Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келиш үчүн түзүлгөнүн билдирди.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу коюлуп, талкууга чыгарылган жаңы долбоор коомдук-саясий чөйрөнүн кескин сынына кабылган. Саясатчылардын жана эксперттердин бир бөлүгү долбоорду өлкөнү туңгуюкка түртө турган мыйзам катары баалашып, кайра кайтарууну талап кылып жатышкан.

Жарыяланган долбоордо президенттин укуктары кеңейери, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилери, парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG