Маалыматка караганда, «Урал аба каттамдарынын» учактары Душанбе, Хожент жана Кулябдан Москва, Казан, Красноярск, Самара, Санкт-Петербург жана Уфага каттай башташат.
Авиакомпаниянын Тажикстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, авиабилеттин баасы 620 долларды түзөт.
Чартердик каттамдар ириде Орусия жарандарын ташууга багытталган.
Буга чейин тажик бийлиги Орусиянын «ЮТэйр» авиакомпаниясына Душанбе-Москва жана Хожент-Сургут багыттары боюнча чартердик каттамдарды аткарууга уруксат берген. «ЮТэйр» компаниясынын учактары аталган багыттар боюнча 7-ноябрдан тартып жумасына бир жолудан уча башташты.
Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында аба каттамдарын марттын аягында токтоткон. Азырынча Орусия менен Тажикстандын ортосундагы ырааттуу аба байланышы качан калыбына келе турганы белгисиз.