Ссылки доступа

Тажикстандын түндүгүндө көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары мешке от жагышууда (видео)


На севере Таджикистана жители многоэтажек устанавливают в квартирах «буржуйки»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Согди облусунда көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары көмүр же отун жагуу үчүн батирлерине кичинекей чоюн мештерди орното башташты.

Чойрухдарон шаарчасынын тургуну Мухайё Журабаева күн сайын таңкы 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жарык өчүп жатканын, батирлер өтө суук экенин айтты.

«Балдар ооруп калбасын деп үйгө «буржуйка» орнотууга аргасыз болдук. Борбордук жылытуу системасы иштебесе, электр энергиясын маал-маалы менен гана берип жатышса, эмне кылабыз?», - деди ал.

Тажикстанда октябрдын аягынан бери жашоочулар электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатканына даттанышууда. «Барки точик» энергохолдинги өчүрүүлөрдү Нурек ГЭСинде жана жогорку кубаттуулуктагы көмөк чордондордо профилактикалык иштер жүрүп жатканы менен байланыштырууда. Компания электр энергиясына чектөө киргизилгенин четке кагып келет.

Күн мурун «Барки точик» компаниясына карызы бар темир, шагыл, бетон чыгарган ишканаларга электр кубатын берүү токтотулганы белгилүү болду. Набайканалар, сауналар да жарыксыз калды. Аларга альтернативдүү отунга – көмүргө өтүүнү сунушташты.

«Барки точик» энергохолдинги Тажикстандагы 26 энергетикалык объектини көзөмөлдөп, коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоо менен алектенет. $2,5 млрд ашык карызы бар компания өлкөдөгү эң ири чыгашалуу мамлекеттик ишкана болуп эсептелет. Бийликтин маалыматы боюнча холдингдин каржылык абалын жакшыртуу үчүн $1,2 млрд талап кылынат. Бул каражатты табуу максатында тажик өкмөтү эл аралык донорлорго колдоо сурап кайрылган.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG