Самарканд облустук ички иштер бөлүмү билдиргендей, 23-ноябрда администртивдик протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Самарканд шаардык соту үч кишини административдик камакка алуу боюнча өкүм чыгарды.
Расмий маалыматта алар канча мөөнөткө чейин камакта болору айтылган эмес.
Өзбекстандын административдик жана кылмыш кодекстеринде кыйноо жана мыкаачылыкты пропагандалоо, жайылтуу үчүн жоопкерчилик каралган.
20-ноябрда болжол менен кечки саат алтыда 42 жаштагы киши Мирзо Улугбек көчөсүндөгү соода борборунда аялын жана анын ойношу делген кишини бычак менен сайып өлтүргөн.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кылмышкер кармалганын, ага каршы Кылмыш кодексинин “Өзгөчө мыкаачылык менен эки же андан көп кишини өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголгонун билдирген.