Ссылки доступа

Тажикстанда оппозициячыл саясатчыга издөө жарыяланды


Махмурод Одинаев
Махмурод Одинаев

Гиссар райондук ички иштер башкармалыгы Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын төрага орун басары Махмурод Одинаевге издөө жарыялады.

Оппозициячыл саясатчы өткөн дем алыш күндөрү азык-түлүктүн кымбатташына каршы митинг өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен Душанбе мэриясына кайрылгандан бери дайынсыз болууда.

Шаардык милициядагы өз булактын айтымында, дем алыш күндөрү Одинаев «уулу Шайхмуслихиддин Ризоевдин бейбаштык иштери боюнча» суракка чакырылып, бирок барбай койгондон кийин ага издөө жарыяланган.

24-ноябрда Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) саясатчынын уулуна каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ризоев мас абалында шаардагы ресторандардын биринин жанында 2002-жылкы кызды сабаган. «Ресторандын күзөтчүсү аны токтотууга аракет кылып, жыйынтыгында экөө мушташып кеткен. Соттук-медициналык актыга ылайык, Ризоев жеңил жаракаттарды алган», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматкери.

Быйыл октярда Одинаев белгисиз адамдар уулуна кол салганын айтып чыккан. «Бийлик мындай жол менен мени жана мага окшогон бийликти сындап жүргөндөрдү коркуткусу, саясий ишмердүүлүгүбүздү токтоткусу келип жатат», — деген ал.

Ал ортодо саясатчынын туугандары Гиссар шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Одинаевдин дагы бир уулу кармалганын билдиришүүдө.

Польшадагы тажикстандык оппозициячылар түзгөн Саясий туткундарды коргоо комитети Махмурод Одинаевди Тажикстандын күч түзүм кызматкерлери уурдап кеткен болушу мүмкүн экенин билдирди. Азырынча расмий Душанбе комитеттин бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Одинаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Душанбенин мэри Рустами Эмомалиге кайрылып, президенттик сарайдын алдында нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнгөндөн кийин жоголуп кеткен. Бийлик анын бул кайрылуусуна көңүл бурган эмес.

Апта башында оппозициячыл саясатчынын жакындары бир нече күндөн бери милицияга суракка чакырылып жатышканын билдиришкен. Бирок ИИМ мындай маалыматтардын баарын четке каккан.

Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын жетекчилиги аларда саясатчынын кайсыл жерде экендиги тууралуу маалымат жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG