Ссылки доступа

Facebook Орусияда 4 миллион рубль айып пул төлөдү


Facebook компаниясы орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын Орусиядагы серверлерге көчүрүүдөн баш тартканы үчүн 4 миллион рубль өлчөмүндө айып пул төлөдү. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги Москванын Таган райондук сотунун басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.

Быйыл февралда сот орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын Орусиянын аймагында сактоо тууралуу мыйзамды бузганы үчүн Facebook жана Twitter компанияларынын ар бирин төрт миллион рублдан айып пул төлөөгө милдеттендирген. Азырынча Twitter айып пулду төлөй элек.

Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө жарандардын жеке маалыматтарын алар жашаган өлкөлөрдөгү серверлерде сактоо тууралуу мыйзамдар кабыл алынган. Орусияда мындай мыйзам 2015-жылы күчүнө кирген.

2019-жылы апрелде сот Роскомнадзор мекемесине орусиялык колдонуучулардын маалыматтарын өлкө ичинде сактоо тууралуу маалыматтарды берүүдөн баш тартканы үчүн Twitter жана Facebook компанияларына үч миң рублден айып пул салган.

2016-жылы орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын көчүрүү талабын аткаруудан баш тарткан LinkedIn социалдык түйүнүнө Орусияда бөгөт коюлган.

Видео

XS
SM
MD
LG