Ссылки доступа

OPCW уюмуна мүчө 56 өлкө Орусияны Навальныйды ууландыруу жагдайын ачыктоого чакырды


Химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча уюм (OPCW) Москваны оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын уулануу жагдайын ачыкка чыгарууга чакырды.

Уюмдун 25-сессиясынын алкагында биримдикке мүчө 193 өлкөнүн 56сы кол койгон документти “Твиттерде” британ делегациясы жарыялады.

Биргелешкен билдирүүдө кишини нервди шал кылуучу зат менен ууландыруу химиялык курал кодонуу болуп эсептелери жана бул тынчсыздандырууну жаратары айтылган. Кандай гана химиялык курал болбосун, аны колдонуу эл аралык нормаларга каршы келери белгиленген.

Документке кол койгон өлкөлөр орусиялык оппозиционерге каршы “Новичок” тобуна кирген зат колдонулганын айыпташып, ал 2018-жылы Улуу Британияда орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скирпаль жана анын кызы Юлияга карата пайдаланылганын эске салышкан.

Билдирүүгө Улуу Британиядан тышкары Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр, АКШ, Канада, Австралия, Түркия, Жапония, Украина, Грузия жана башкалар кол коюшкан.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн начар сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген. Навальный 19 күндөн кийин эсине келген.

Германиянын, кийин башка өлкөнүн эксперттери Навальный “Новичок” тобундагы уу менен ууландырылган деген жыйынтыкка келишкен. Европа Биримдигиндеги бир катар өлкөлөр Москваны фактыны иликтөөгө чакырышкан. Биримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ Навальныйга кол салууга тиешеси бар экени айтылган орусиялык бир нече аткаминерге санкция салган.

XS
SM
MD
LG