25-ноябярда болсо Сырдарыя облусунун Хавас районунда газга ууланып, бир үй-бүлөдөн төрт киши өлгөн, алардын үчөө балдар болгон.
26-ноябрда Башкы прокуратура бул окуя боюнча иш козгогон. Трагедия үчүн ким жоопкерчилик тартары белгисиз. Хавас районунун газ бөлүмүнүн жетекчиси алардын күнөөсү жок экенин билдирген.
“Ал үй-бүлө көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатында жашаган. Кичинекей жууна турган бөлмө жасап алышып, ошол жакка меш орнотушкан экен, бирок ыш чыга турган мор жок болгондуктан, уулуу газ бөлмөдө топтоло берген”, - деген жетекчи.
Өзбекстанда акыркы эки айда жаратылыш газынын жоктугунан же анын басымынын өтө төмөндүгүнөн улам темир мешке от жагып, уулу газга ууланып өлгөндөрдүн саны ондон ашты.
Юристтер бул учурларда компенсация талап кылуу дээрлик мүмкүн эмес экенин билдиришүүдө: Өзбекстанда дээрлик мындай прецедент болгон эмес.
Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы 2019-жылдын алгачкы алты айында 15 киши газга ууланганын билдирсе, “Узтрангаз” 2018-жылы январь-апрель айларында 58 киши өлгөнүн, 54ү жараткан алганын маалымдаган.