Ссылки доступа

Казакстан эл аралык соттордо өлкө кызыкчылыгын коргоо үчүн жылына 12–13 млрд. теңге коротот


Казак өкмөтүн сотко берген молдовалык ишкер Анатол Стати

Казакстан эл аралык соттордо мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо үчүн жылына 12-13 миллиард теңге коротот. Бул тууралуу өлкөнүн юстиция министри Марат Бекетаев билдирди.

— Мен билгенден, бул сумма 12-13 миллиард теңгени (31 миллион доллар) түзөт. Биздин келишимдердин дээрлик бардыгы доллар же евро менен аныкталат, анткени консультанттар тиешелүү юрисдикцияларда иштешет, — деди министр.

Бекетаев казак өкмөтүнөн 4 миллиард доллар талап кылып сотко берген молдовалык ишкер Анатол Статинин иши боюнча юристтерге канча акча төлөнгөнүн айтуудан баш тартты. Ошол эле маалда ал министрликте чыгымдар боюнча «өз чектөөлөрү бар экенин» кошумчалады.

— Юристтерге доо арыздагы сумманын 10% ашык эмеси төлөнсө, ишмердүүлүк натыйжалуу деп эсептелет. Мисалы, арызда 100 миллион доллар деп көрсөтүлсө, чыгым 10 миллион доллардан ашпашы керек. Бизде бул көрсөтүлгөн чектөө сакталат, — деди министр.

Молдовалык ишкер Анатол Стати менен казак өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүүлөр бир нече жылдан бери уланып келет. Казакстандын мунайгаз тармагына инвестиция салган Стати менен анын уулу Габриэль Стати казак бийлигин алардын менчигин рейдерлик жол менен тартып алууга аракет кылган деп айыптап, келтирилген чыгымды төлөп берүүсүн талап кылышкан. Өз кезегинде Нур-Султан бул дооматтарды четке кагып, Статини алдамчылыкка айыптоодо.

2013-жылы Стокгольм соода палатасынын арбитраждык соту Статинин талаптарын жарым-жартылай канааттандырып, казак өкмөтүн 500 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Ишкер жалпысынан Казакстандан 4 миллиард доллардан ашык акча өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Былтыр май айында Нидерланд соту Казакстандын «Самрук-Казына» мамлекеттик фондунун голландиялык KMG Kashagan BV ишканасындагы 5,2 миллиард долларлык акцияларын камакка алуу чечимин күчүндө калтырган.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG