Маалыматка караганда, Самарканд облусунун 24 жаштагы тургуну 2019-жылы Египетте окуп жүрүп, террордук уюмдун идеасынан таасирленип, алардын катарына кишилерди тартуу ишине аралашкан.
Расмий билдирүүдө кармалган кишинин мобилдик телефонунда экстремисттик мүнөздөгү ар кыл материалдар табылганы айтылат. Ошол эле маалда ал кандай жагдайда жана кимдерди Сирияга жөнөткөнү жөнүндө маалымат жок.
Шектүүгө карата кылмыш иши козголду.
Өзбекстандын Жогорку сотунун чечими менен «Тавхид ва жиход катибаси» 2016-жылы Өзбекстан аймагында тыюу салынган уюмдардын катарына киргизилген.