Ссылки доступа

Тажикстанда армияда кыйноого кабылган жоокер психикалык ооруканада жатат (видео)


Тажикстанда жоокер башынан оор жаракат алып, сүйлөө мүмкүнчүлүгүн жоготуп, ооруканага жеткирилди. Жакындарынын айтымында, аскер бөлүгүндө аны катуу сабашып, оозуна кайнак суу куюп жиберишкен.

Аскер бөлүгүн жетекчилиги кордук көрсөтүлгөнүн четке кагууда.

Абдуманнон иниси Баховуддин Юсуповду көрүү үчүн психикалык ооруканага күн сайын келет. Анын айтымында, бир тууганы аскер бөлүгүнө чакырылгандан бир нече күндөн кийин эле ооруканага түшүп калган. Бул боюнча жакындарына кабар берилген эмес. Айрым маалыматтарды алар ооруканада жоокердин өзүнөн алышты. Чынында Баховуддин сүйлөй албайт, жаңсап гана түшүндүрүп берип жатат. Жаш жигит стакандагы кайнак суудан коркуп калган. Агасынын айтымында аскерде ага кайнак суу ичиришкен болушу мүмкүн.

“Колун жансап, башына, жүрөк тушуна көп жолу мушташканын көрсөтүүдө. Ал такыр сүйлөй албай калыптыр. Мурда ал башынан жаракат алган, бирок сүйлөчү, иштечү”, – деди Абдуманнон Юсупов.

В Таджикистане родственники солдата-срочника нашли его в психбольнице
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

“Настоящее Время” телеканалынын журналисттери жабырлануучуну көрүү үчүн ооруканага келишкен. Баховуддин чындап эле сүйлөбөй калган. Ага медициналык жардам көрсөтүлө элек. Жергиликтүү дарыгерлердин биринин айтымында, анын ден соолугун аныктай турган комиссияны күтүп жатышат.

Баховуддин ден соолугуна байланыштуу армияда кызмат өтөөдөн бошотулушу керек болчу. Бардык документтер аскердик комиссариатка берилген. Бирок түшүнүксүз жагдайда аны аскерге алып кетишкен.

Аскер бөлүгү аны эч ким сабабаганын, ушундай абалда кызмат өтөөгө келгенин билдирүүдө. Ошол эле маалда эмне себептен аны армияга чакырышканын түшүндүргөн жок.

“Жарандык эркиндик кеңсеси” тажик армиясында аскерге жаңы чакырылган жоокерлер кыйноого көп кабылышарын, аны далилдөө өтө кыйын экенин белгилейт.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG