Ссылки доступа

Түркмөнстанда окуучулар арасында COVID-19 жуктурган учурлар көбөйдү


Ашхабад

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары Ашхабадда коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин көбөйгөнүн билдирүүдө.

“Азаттык” Ашхабаддын бир нече райондорунда мектеп окуучуларынын арасында да коронавирус инфекциясы аныкталганын жазды.

Күн мурун Ашхабаддагы №32 мектепте окуучу кызды сабак маалында инфекциялык ооруканага алып кетишкен. Дене табы кескин көтөрүлүп, дем ала албай, жөтөлү күчөгөн.

№42 мектепте кеминде эле эки окуучудан коронавирус аныкталган. Бул маалыматты редакция билим берүү мекемелериндеги өз булактары аркылуу тастыкташкан.

“Азаттык” мектеп окуучуларынын арасында вирус аныкталып жатканы боюнча тиешелүү мекемелерден расмий маалымат ала алган жок. Түркмөнстан өлкөдө коронавирус бар экенин моюндай элек.

Мугалимдердин, окуучулардын жакындарынын айтымында, COVID-19дун белгилери бар балдарды дароо ооруканага жаткырышып, тест жүргүзүшөт. Бирок жыйынтыктары айтылбайт.

Ошол эле маалда көпчүлүк элдик медицинанын жардамы менен дарыланууда. Ушул тапта иттин майы менен адырашман “популярдуу” болуп жатат.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG