Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө блогерге каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алууда кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын талаптары сакталбаганы аныкталган. Буга байланыштуу кылмыш иши токтотулган.
Тергөө Отабек Нуритдинов деген каймана ысым менен иштеген Абдуфатто Нуритдиновду быйыл октябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу шаардагы №25 мектептин директорунун орун басарын кемсинткен деп айыптаган.
Блогер былтыр 30-декабрда административдик иштер боюнча облустук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынган. Жергиликтүү бийлик аны ушак айтууга, кемсинтүүгө жана бейбаштыкка айыптап, ага каршы укук коргоо органдарына арыз жазышкан. Андан мурдараак Нуритдинов облустагы Асака шаарынын кызмат адамдары акча уурдагандыгы тууралуу коррупциялык фактылар жөнүндө айтып чыккан.