Ссылки доступа

Орусияда токойдо жашап жүргөн өзбекстандык ата-бала мекенине жеткирилди


Оор абалга кабылып, Москва облусундагы токойдо жашап жүргөн Өзбекстандын жараны жети жаштагы баласы менен чогуу мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Шухрат Жалилов менен анын уулу Амаль Жалилов Москва-Ташкент каттамы менен 3-декабрда учуп келип, туруктуу жашаган жерине жеткирилди.

Буга чейин жергиликтүү интернет-басылмалар жети жаштагы Амаль жумушсуз калган атасы менен Москва облусундагы токойго алачык тигип, ошол жерде жашап жүргөнүн жазып чыгышкан. Октябрдын аягында аны жакын жайгашкан калктуу конуштун тургундары байкап калып, бала ооруканага жеткирилген.

Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиктен билдиришкендей, 46 жаштагы Шухрат Жалилов көп жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Быйыл августта аялы каза болуп, өзү жумушсуз калган. Батирге төлөөгө акчасы жок болуп, чек аралар жабык болгондуктан мекенине кайтып келе алган эмес.

Видео

XS
SM
MD
LG