Ссылки доступа

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламенттеги орундардын көбүнө ээ болду


Грузия БШКсынын башчысы Тамар Жвания
Грузия БШКсынын башчысы Тамар Жвания

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен 150 мандаттын 90уна ээ болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун грузин кызматы билдирди.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын 3-декабрда жарыялады. Оппозиция добуш берүү күнү көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирип, анын жыйынтыктарына каршы нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Сегиз партия өздөрүнө тийген 60 мандаттан баш тартып, мыйзам чыгаруу жыйынынын жаңы курамына кирбей тургандыктарын билдиришти.

Бейшемби күнү оппозициялык партиялардын сунушу менен келген БШК мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, жыйындар залынан чыгып кетишкен. БШКнын башчысы Тамар Жвания оппозиция өкүлдөрү 2016-жылдагы шайлоодон кийин да жыйынтыктоочу протоколго кол коюшпаганын, бирок бул парламенттин иштешине тоскоол болбогонун билдирди.

Оппозициялык күчтөр Жваниянын кызматтан кетишин жана жаңы шайлоонун дайындалышып талап кылууда. Өкмөт менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр АКШ жана Европа биримдигинин ортомчулугу менен өтүүдө.

Видео

XS
SM
MD
LG