Ссылки доступа

Registan TV: Журналист Абдукарим Мирзаев Түркиядан Өзбекстанга депортацияланбайт


Стамбулда кармалган өзбекстандык журналист жана режиссер Абдукарим Мирзаев Өзбекстанга депортацияланбайт. Бул тууралуу Мирзаевге таандык Registan TV онлайн-каналы Стамбулдун Миграция кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Мирзаевдин кесиптештери анын бошотуларына аз убакыт калганын кабарлашты.

Түркиядагы Кастамону университетинин аспиранты, 38 жаштагы Абдукарим Мирзаев быйыл 11-декабрда кармалган. Ал «шектүү киши менен телефондо сүйлөшкөнү үчүн» камакка алынган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Мирзаевдин Түркияда кармалышына тиешеси жок экенин маалымдаган. Өзбекстанда ага карата кандайдыр бир кылмыш иши козголуп же издөөгө алынган эмес.

38 жаштагы журналист «Пойтахт» менен «Замин» радиостанцияларында, «Ёшлар» жана «Узбекистан» телеканалдарында иштеген.

Мындан тышкары Мирзаев Кыргызстандын түштүгүндө болгон 2010-жылдын июнь окуялары боюнча тартылган «Изтироб» (Азап чегүү) даректүү тасмасынын режиссеру.

XS
SM
MD
LG