Маалыматка караганда, 22-декабрь күнү М.Ш. аттуу 46 жаштагы жаран мечиттин катчысы менен уруша кетип, үйүнөн ала келген бычак менен сайып жиберген. Жарадар болгон мечиттин кызматкери ооруканага бараткан жолдо көз жумган.
Кылмыш фактысы боюнча М.Ш. аттуу жаранга «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.