Ссылки доступа

Парламент экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоорун жактырды


Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңеш «Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. Ушул эле күнү долбоор эки окууда тең кабыл алынып, жактырылды.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Гүлшат Асылбаева экономикага зыян келтиргенин мойнуна алып, анын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга карата коомдун мамилесин өзгөртүү максаты коюлуп жатканын айтты.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев мыйзамдын негизги максаты каражат түшүрүп калуу эмес, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу экенин билдирди.

Мыйзам күчүнө кирсе Жазык кодексинин 15 беренесине өзгөртүү киргизилип, чыгымды төлөп бергендер камакка алынбайт, салык төлөөдөн качуу, аткезчилик, мүлккө байланыштуу алып-сатуудагы мүчүлүштүктөр сыяктуу иштер экономикалык кылмыш деп эсептелет. 1300дөй адам экономикалык кылмышка байланыштуу келтирген чыгымды төлөп, камактан кутулушу мүмкүн.

Парламенттин жыйынында айтылгандай, Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 30% тегерегинде болууда.

XS
SM
MD
LG