Ссылки доступа

Курсанттын өлүмүнөн кийин Алматы академиясынын башчысы иштен алынды


Казакстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Алматы академиясынын башчысы Омербай Смаилов курсант асынып өлгөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу 23-декабрда өлкө ИИМи билдирди.

Смаилов менен бирге академиянын алты кызматкери, анын ичинде тарбия-идеологиялык маселелерди жөнгө салган орун басары да жумуштан кол жууду.

19 жаштагы курсант Саламат Утегенов 13-декабрда асынып алган. «Орол жумалыгы» гезити анын жакындары менен жолуккан. Маркумдун апасы уулу сессия тапшыруу жана карыздарын төлөө үчүн дайыма акча сурап турганын айткан. Өлөрүнөн бир күн мурун ал 300 миң теңге (700 доллардын тегереги) сурап, болбосо, “колу жана бутунан айрыларын” билдирген. Акыркы жолу ал агасына WhatsApp'тан курдун сүрөтүн жөнөтүп, “Мен кеттим” деп жазган. Кийин анын сөөгү окуу жайдын ичинен асылган абалда табылган.

ИИМ басылмага курсанттын өлүмү боюнча “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен иликтөө иштери башталганын билдирип, бирок академиядагы акча талап кылуу маселелери боюнча суроого жооп берген эмес.

ИИМ 23-декабрда Утегеновдун өлүмүнөн кийин академияга текшерүүчүлөр жөнөтүлгөнүн, 16 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганын, жетөө жумуштан бошотулганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG