Ссылки доступа

Казакстан Мажилиси өлүм жазасын жоюуга багытталган протоколду ратификациялады


Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы (Мажилис) өлүм жазасын жоюуга багытталган Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыга тиркелген экинчи Факультативдик протоколдун ратификацияланышын жактырды.

Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди өлкө протоколду ратификациялоо менен өлүм жазасын колдонбоо милдеттенмесин аларын билдирди. Анын айтымында, ошол эле маалда казак бийлигинде согуш маалында өлүм жазасын колдонуу укугу болот.

Казакстан бул протоколго быйыл сентябрда кол койгон. Анда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) документ күчүнө кириши үчүн Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү жана мыйзамдарды өзгөртүү зарыл экенин билдирген.

Казакстан 2003-жылы өлүм жазасына мораторий жарыялаган. Анын ордуна өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын колдонуу сунушталган.

Өлкөдө 10дон ашуун кылмыш курамы боюнча, анын ичинде “мамлекетке чыккынчылык жасоо”, “террордук кылмыштар”, “согуш маалында жасалган оор кылмыштар” үчүн өлүм жазасын колдонуу каралган.

Буга чейин эл аралык укук коргоочулар Казакстанды өлүм жасасынан биротоло баш тартууга үндөп келген.

2019-жылы декабрда президент Касым-Жомарт Токаев ТИМге аталган факультативдик протоколго кошулуу процедураларын баштоону тапшырган.

Казакстан эгемендик алгандан бери өлкөдө 536 киши өлүм жазасына тартылган. Акыркы жолу мындай жаза 2016-жылы Алматыда ондогон адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Руслан Кулекбаев аттуу жаранга карата колдонулган.

XS
SM
MD
LG