Ссылки доступа

Австралияда терроризмди пропагандалоо айыбы менен тажикстандык окумуштуу камакка алынды


Абдусалом Одиназода

Перт шаарындагы Батыш Австралия университетинде иштеген 52 жаштагы тажик окумуштуусу Абдусалом Одиназода терроризмди пропагандалоо айыбы менен камакка алынды. Бул тууралуу австралиялык басылмалар билдиришти.

Маалыматка караганда, шаршемби күнү сот Одиназоданын бөгөт чарасын карап, аны 2021-жылдын 15-январына чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ал интернетте экстремисттик мүнөздөгү материалдарды тараткан деп айыпталууда. Австралиянын полициясы Одиназодага карата тергөө иштерин быйыл февралда, ал интернетке «зомбулукка чакырган видео» жайгаштыргандан кийин баштаган.

2018-жылдын башында Тажикстандын бийлиги Абдусалом Одиназодага каршы «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү чакырыгы» жана «Интернет аркылуу экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Одиназода 2003-жылдан бери Австралияда жашайт жана бул өлкөнүн жарандыгын алган. 2015-жылы ал мекенине кайтып келип, Тажик медициналык университетинде химия мугалими болуп иштей баштаган. 2016-жылы ал «Фейсбуктагы» баракчасына документтериндеги көйгөйлөрдөн улам Тажикстандан депортацияланганын жазган.

Алгачкы жылдары Одиназоданын социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрүнүн көбү перс тили, тажиктердин иденттүүлүгү жана зороастризм тууралуу болчу. Бирок Тажикстандан кеткенден кийин анын көз карашы өзгөрүлүп, диний темаларда жазып, «Ислам мамлекети» террордук тобун ачык колдоп, баракчаларына экстремисттердин видеолорун жайгаштыра баштаган.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG